Akchabarsearch
Картошканын импортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-29-09, 14:03

Картошканын импортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда

Айыл чарба министрлиги картошканын импортуна 6 айга тыюу салууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июль айларында (жети айда) Кыргызстанга 24.7 миң тонна картошка импорттолгон. Анын көбү Кытайдан келген: 21.4 миң тоннадан ашык. Дагы 834.2 тонна - Германиядан, 415.5 тонна - казакстандан, 305.4 тонна - Пакистандан, 48.9 тонна - Ирандан, 31.4 тонна - Россиядан жана 24.7 тонна - Өзбекстандан импорттолгон. 

Кыргызстандын өзүндө быйыл жети айда 486 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Бул жылы өлкөдө жалпы 1 млн 249.7 миң тонна картошка өндүрүлөт деп болжолдонууда. Ал эми Кыргызстанда картошканын керектөө жылына 799.7 миң тоннаны түзөт. Ошондо өлкөдө өстүрүлгөн картошка элдин керектөөсүнөн 450 миң тоннага ашат.

Картошка Кыргызстандын өзүндө ашыгы менен өстүрүлүп жаткандыктан жана азыр картошканын түшүмү жыйналган мезгил болгондуктан, импортко тыюу салбаса, ал картошканын баасынын түшүп, арзан болушуна таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан министрлик картошканы импорттоого алты айга тыюу салууну сунуштоодо.  


Тектеш материалды окуу