Akchabarsearch
Каржы министрлиги 150 млн сом карыз алууну пландап, 9.2 млн сом гана алды

Жарыяланган

2026-06-03, 18:06

Каржы министрлиги 150 млн сом карыз алууну пландап, 9.2 млн сом гана алды

Каржы министрлиги 5-мартта бир жылдык казына облигацияларын чыгарып, 9 млн 210 миң сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Министрлик бул жолу инвесторлордон 150 млн сом карыз алууну пландаган. Бирок инвесторлордун сунуштары аз болгондуктан, иш жүзүндө 9 млн 210 миң сом гана тартылды.

Ал эми 12-февралда өткөн аукциондо министрлик тескерисинче пландагандан көп каражат алган. Анда 150 млн сом карыз алуу пландалып, жыйынтыгында 154 млн 424 миң сом карыз алынган.

Белгилей кетсек, 2-мартка карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2 млрд 985 мин 630 миң сом карызы бар
 


Тектеш материалды окуу