Akchabarsearch
Кыргызстандын ички карызы 313.46 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2026-19-02, 15:40

Кыргызстандын ички карызы 313.46 млрд сомго жетти

Каржы министрлиги 13-февралда Улуттук банк аркылуу 3 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, 1.3 млрд сом ички карыз алды.

18-февралга карата аталган банк аркылуу алынган ички карыздын жалпы көлөмү 301.04 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 13-февралда 299.74 млрд сом болгон. Бир жуманын ичинде бул карыз 1.3 млрд сомго көбөйдү.

Улуттук банкта тартылган карыздын түзүмү төмөнкүдөй:

3 жылдык казына облигациялары — 63.46 млрд сом
5 жылдык — 33.15 млрд сом
7 жылдык — 60.27 млрд сом
10 жылдык — 53.98 млрд сом
15 жылдык — 79.41 млрд сом
20 жылдык — 10.78 млрд сом

Ал эми, 16-февралга карата Кыргыз фондулук биржасында бир жана эки жылдык мамлекеттик казына облигациялар боюнча карыз 12.42 млрд сомду түздү.

Натыйжада мамлекеттик казына облигациялары боюнча өлкөнүн жалпы ички карызы 313.46 млрд сомго жетти.

Эскерте кетсек, Каржы министрлиги бир жана эки жылдык казына облигациялары боюнча карызды Кыргыз фондулук биржасы аркылуу, ал эми калган мөөнөттөгү облигацияларды Улуттук банк аркылуу алат.

 


Тектеш материалды окуу