Akchabarsearch
Каржы министрлиги казына облигациялары аркылуу 443.6 млн сом ички карыз алды

Жарыяланган

2026-09-03, 18:00

Каржы министрлиги казына облигациялары аркылуу 443.6 млн сом ички карыз алды

Каржы министрлиги 6-мартта эки жылдык мамлекеттик  казына облигацияларын чыгарып, 443 млн 616 миң сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Министрлик инвесторлордон 550 млн сом карыз алууну көздөгөн. Бирок инвесторлордон түшкөн сунуштарга байланыштуу , бул суммдан аз көлөмдө алынды.

Буга чейин, 16-январда өткөн аукциондо министрлик тескерисинче пландагандан көп каражат алган. Анда 550 млн сом карыз алуу пландалып, жыйынтыгында 645 млн 716 миң сом карыз алынган.

Белгилей кетсек, 9-мартка карата Каржы министрлигинин эки жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 9 млрд 728 млн 401 миң сом карызы бар.

 


Тектеш материалды окуу