Жарыяланган
2026-26-02, 13:14Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Guangdong Holdings Limited» кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. «Guangdong Holdings Limited» холдингинин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө.
Касымалиев кытайлык корпорациясынын өкүлдөрү менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.


