Akchabarsearch
    Касымалиев Монголиянын президенти менен жолугушту

    Жарыяланган

    2025-21-07, 18:01

    Касымалиев Монголиянын президенти менен жолугушту

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Каымалиев Монголия президентинин мамлекеттик сапары эки өлкөнүн достук мамилелеринин тарыхында жаңы барагын ачарын баса белгиледи. 

    "Бүгүн Сиз Президент Садыр Нургожоевич Жапаров менен биздин мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге – ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине чыгардыңыз, ошону менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө өзгөчө тыгыз жана динамикалуу кызматташуу мүнөзүн бердиңиз. Кыргызстан менен Монголиянын элдеринин гүлдөп өсүшү үчүн биздин мамилелерибиздин жаркын келечегине ишенем. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жогору баалайбыз жана элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн жемиштүү кызматташтыкты бекемдөөгө, ишенимди арттырууга жана бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө ниеттенебиз", - деди ал. 

    Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода алака артып жатканын айтып, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык 10,2 млн долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. 

    Өз кезегинде Монголиянын президенти жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болоруна ишенимин билдирген. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, тоо-кен тармагы, транспорт, экология, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин да талкуулашты. Тараптар ошондой эле кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында натыйжалуу иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 


    Тектеш материалды окуу