Жарыяланган
2025-18-09, 17:53Түрк мамлекеттер уюмунун потенциалы чоң, сөздөн ишке өтүүгө убакыт жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларырын/вице-президентинин жолугушуусунда билдирди.
Касымалиев Кыргызстан уюмдун негиздөөчү өлкөлөрүнүн бири жана учурдагы төрагасы катары экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасай турганын белгиледи.
“Биз өз ара сооданы көбөйтүүгө, ошондой эле ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду, өзгөчө келечектүү жана тез өнүгүп жаткан тармактарды колдоого кызыктарбыз. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмуна кирген мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 2024-жылы 2 млрд 427 млн долларды түздү. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында интеграциянын жана кызматташуунун маанилүүлүгү тууралу көп айтабыз. Чынында эле бизде эбегейсиз зор потенциал бар. Бирок учурда сөздөн ишке өтүүгө убакыт жетти деп ойлойм. Бүгүнкү күнү уюмдун алкагында кызматташунун кыркка жакын багыты бар”, - деди ал.
Ал көптөгөн жыйындар, жолугушуулар, форумдар, конференциялар өткөрүлгөнү менен алар формалдуу мүнөзгө ээ экенин билдирди.
“Ошондуктан, Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн практикалык таасири элдин деңгээлинде жаңы жумуш орундары, жакшыртылган инфраструктура, билимге, саламаттыкты сактоого, энергетикага жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүк түрүндө сезилерлик болушу керек деп эсептейм”, - деди Касымалиев.
Белгилей кетсек, аталган жолугушуу Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жанан Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышуусунда өттү.