Akchabarsearch
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландап жатат

Жарыяланган

2025-18-09, 18:20

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландап жатат

Кыргызстан быйыл Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларырын/вице-президентинин жолугушуусунда билдирди. 

Касымалиев Түрк инвестициялык фондун түзүү  боюнча демилгени колдой турганын айтып, бирок мындай структураны түзүү гана маанилүү эмес экенин, ал транспорт, энергетика, айыл чарба, логистика, жашыл экономика тармактарында пайдалуу жана керектүү долбоорлорду каржылай башташы үчүн фонддун ишин өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. 

“Түрк инвестициялык фондунун башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынын быйыл Бишкек шаарында өткөрүү демилгесин колдооңуздарга ишеним артам. Экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн Түрк инвестициялык фондунун ишке киришинен тышкары, Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Соодага көмөктөшүү комитетинин ишмердүүлүгү чоң мааниге ээ. Бул түзүмдөрдүн ишкердик жигердүүлүккө көмөктөшүү, соода тоскоолдуктарын жоюу жана бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча чоң дарамети бар”, - деди ал.


Тектеш материалды окуу