Akchabarsearch
Касымалиев: Жер чет элдиктерге эч качан сатылбайт

Жарыяланган

2026-04-08, 17:04

Касымалиев: Жер чет элдиктерге эч качан сатылбайт

Чет элдик инвесторлорго жер эч качан сатылбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49 жылга чейин ижарага берүү тууралуу түшүндүрмө берип жатып аларга жер 3-5 жылга гана ижарага бериле турган болсо, өлкөгө эч бир инвестор келбей турганын айтты.

Ал билдиргендей, ар бир адам сыяктуу эле инвестор кетирген акчасын кайтарып алгысы келет. Ошондуктан ал узак мөөнөт иштесе, кетирген акчасын кайтарып, андан тышкары киреше табат. 

Инвестор келип ишкана салгандын Кыргызстанга пайдасы жумуш орун түзүлөт: ошол ишканада бир киши иштесе, ал 3-4 адамды багат. Ошол ишкана чыгарган продукция өлкө ичинде гана сатылбастан, экспортко кетет, өлкөнүн ички дүң продукциясы өсөт. 
 


Тектеш материалды окуу