Akchabarsearch
Өзбекстандан ташылып келе жаткан 25 тоннадай пияз Кыргызстанга киргизилген жок

Жарыяланган

2026-04-08, 18:24

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 25 тоннадай пияз Кыргызстанга киргизилген жок

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл өткөрмө бекетинде Өзбекстандан ташылып келе жаткан 25 тоннага жакын пияз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Коңшу өлкөдөн келе жаткан пиязда Евразиялык экономикалык биримдиктин фитосанитардык талаптарына ылайык маркировка жок болгон.

Ага байланыштуу пияз жүктөлгөн унаа артка кайтарылган. 


Тектеш материалды окуу