Akchabarsearch
Салык кызматы 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектигин эскертет

Жарыяланган

2026-04-08, 16:13

Салык кызматы 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектигин эскертет

Салык кызматы 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектигин эскертет. 

 Мекеменин маалыматы боюнча, турак үй, батир жана жер үчүн мүлк салыгын төлөө зарыл. 

“2026-жылы төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот”, - деп айтылат маалыматта. 

Салыкты өз убагында төлөбөгөндөр кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,09% өлчөмүндө туум төлөп калышат. 


Тектеш материалды окуу