
Жарыяланган
2026-16-06, 10:12Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан келе жаткан 23.8 тонна күрүч артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында анын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.
Ал эми Казакстандан ташылып келе жаткан күрүчтөрдүн таңгагында маркировка болгон эмес. Бул Евразиялык экономикалык биримдиктин фитосанитардык талаптарын бузуу болгондуктан, күрүч артка кайтарылган.



