
Жарыяланган
2026-08-07, 16:41Бүгүн, 8-июлда Казакстандан Кыргызстанга ташып келине жаткан 36 тонна ун артка катарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Ак-Тилек өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан көзөмөл постунда жүргүзүлгөн фитосанитардык текшерүү учурунда аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени белгилүү болгон. Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык, ун Кыргызстанга киргизилген жок.



