Akchabarsearch
“Келечекке салым”: 500 миң сомдон ала турган балдардын саны 3 миң 524кө жетти

Жарыяланган

2026-01-06, 16:21

“Келечекке салым”: 500 миң сомдон ала турган балдардын саны 3 миң 524кө жетти

1-майга карата “Келечекке салым” программасынын алкагында 3 миң 524 жетим балага депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   

2024-жылы Кыргызстанда томолой жетим балдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн “Келечекке салым” программасы ишке кирген. Бул программа боюнча, мамлекет томолой жетим балдардын атына “Айыл Банкта” эсеп ачып, ага акча салат. 

Бала 18ге толгондо ага кеминде 500 миң сом акча берилет. Бул акчаны ал билим алууга, ипотекага үй алганга же дарыланганга жумшай алат. Акча бала 25 жашка толгонго чейин иштетилиши керек. 

Учурда 3 миң 524 баланын ичинен 80и 500 миң сомду алып, программага ылайык, билим, үй алганга же дарыланганга жумшаган. 
 


Тектеш материалды окуу