Akchabarsearch
Ат-Башыда жайытка мыйзамсыз үй салып алгандар аныкталды

Жарыяланган

2026-01-06, 18:05

Ат-Башыда жайытка мыйзамсыз үй салып алгандар аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда айрым жарандар тарабынан жайыт жерлери өз билемдик менен ээленип, турак жай жана короо-сарай курулганы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча 4 жаранга мыйзамсыз курулуштарды буздуруу жана жер тилкелерин мурдагы абалына келтирүү тууралуу бир айлык мөөнөт менен жазма буйруктар берилген.

Мындан тышкары, жайыт пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексине ылайык 42 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 315 миң сом айып салынган. 
 


Тектеш материалды окуу