Жарыяланган
2025-24-06, 10:33Келерки аптада, 1-июлдан тарта унаасын камсыздандырбаган (ОСАГОсу жок) айдоочуларга айып салына баштайт.
Камсыздандыруу полиси жок айдоочулар (жарандарга) 3 миң сом айып төлөөгө аргасыз болот.
Белгилей кетсек, ОСАГО тууралуу мыйзам мындан бир нече жыл мурун кабыл алынган. 2023-жылдын 1-апрелинен бери ал компания-ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, ошондой эле чет өлкөлүк (чет жакта катталган) унаалар үчүн иштеп баштаган. ОСАГОсу жок болгону үчүн аларга 13 миң сом айыппул каралган.