Жарыяланган
2025-22-10, 12:41Чүй облусунун Кемин районунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кампа Бообек айылында жайгашкан. Ал жактан маркасы жок 1430 литр дизель май табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май белгисиз адамдардан сатып алынып, сатуу үчүн өлкөгө мыйзамсыз алып келинген.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн. Эми юридикалык баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.