
Жарыяланган
2025-16-01, 12:47“Керемет Банк” АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) банкка салган санкциясы тууралуу комментарий берди.
Аталган банк Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин “банк мыйзам бузууларга жол берген” деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылганын билдирди. Андан тышкары “Керемет Банк” ар дайым улуттук мыйзам жана эл аралык укуктарга ылайык так иш алып барары айтылат.
“Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин аткарууну толугу менен улантат. Бардык бөлүмдөр график боюнча иштеп, операциялык иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинде эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз жана жаңы маалыматтар пайда болгон учурда банктын өнөктөштөрүн жана кардарларын кабарлап турабыз”, - деп айтылат маалыматта.


