Akchabarsearch
Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлдү

Жарыяланган

2026-22-05, 16:53

Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлдү

Ысык-Көл районунда Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 35 чакырым жолду оңдоо пландалган.

Бүгүнкү күндө анын 18 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктады.

Жол куруу иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

 


Тектеш материалды окуу