
Жарыяланган
2026-27-04, 15:27Кырчын жайлоосуна барган жолдун 35 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда жолдун курулуш ишинин дээрлик жарымы бүттү. Көчмөндөр оюндары башталганга чейин жол толук бүткөрүлөт.
"Долбоорго ылайык, унаа жолунун жээгине 500 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана ажатканалар курулат. Ошондой эле, суу чыгарылып, жол жээгине бак-дарактар тигилет", - деп айтылат маалыматта.



