Akchabarsearch
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2025-жылды эң жогорку көрсөткүч менен аяктап жатат

Жарыяланган

2025-29-12, 14:31

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2025-жылды эң жогорку көрсөткүч менен аяктап жатат

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду (КРӨФ) 2025-жылдын жыйынтыгы менен инвестициялык ишинде эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Ал иштеп баштагандан тарта Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлордун каржылоо суммасы 1 млрд доллардан ашты. 

Фонд быйылкыга коюлган планды 30%га ашыгы менен аткарып, өлкө экономикасына дээрлик 225 млн доллар жумшады. Ошол эле учурда 2025-жылы 360 млн долларлык 173 долбоор жактырылган.

2025-жылы КРӨФ өлкө жетекчилиги белгилеген 5 артыкчылыктуу багытка басым жасаган: “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү, реиндустриализация, аймактык логистикалык хаб түзүү, айыл чарба өнөр жай комплексин колдоо жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү.

Фонддун энергетика тармагына салган каражаты 180 млн доллардан ашты. Фонд “жашыл” энергетика багытында 16 долбоорду каржылаган, анын ичинде Нарын облусундагы Куланак ГЭСи жана Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСи бар. 2025-жылы логистикалык инфраструктураны жакшыртууга 23 млн доллардан ашык акча жумшалды. Алардын ичинен көзгө басар долбоор катары өлкөнүн түштүгүндөгү “Көкчө-Көз” транспорттук-логистикалык борборун атоого болот. 

Фонд иштеп жаткандан бери ал айыл чарба өнөр жай комплексине 200 млн доллардан ашык каражат салган: дээрлик 2 миң долбоор. Фонддон каражат алгандардын ичинде кумшекер, жумуртка, сүт өнүмдөрүн жана башка товарларды өндүргөндөр бар. Учурда алар өлкө керектөөсүн толугу менен жаба баштады. 

Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына дээрлик 65 млн доллар жумшалды. 

“Биз токтоп калган жокпуз. Жаңы каржы продуктыларды иштеп чыгуудабыз. Анын ичинде лизинг программасын кеңейтүү, үлүштүк инвестициялык фонддорду түзүү, стартап жана венчурдук долбоорлор бар. Жакынкы убакта Фонд дары-дармек өндүрүү, өнөр жай өндүрүшү, логистикалык инфраструктураны түзүү боюнча долбоорлорду колдоону көздөп жатат. Бул заманбап Кыргызстанды куруудагы биздин азганакай салымыбыз десе болот”, - дейт Фонддунн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.


Тектеш материалды окуу