Akchabarsearch
    «Кыргызкоммерцбанк» уставдык капиталын 1.2 млрд сомго чейин көбөйтөт

    Жарыяланган

    2025-29-05, 15:29

    «Кыргызкоммерцбанк» уставдык капиталын 1.2 млрд сомго чейин көбөйтөт

    22-майда «Кыргызкоммерцбанк» ААКсынын акционерлеринин жалпы жыйыны өтүп, анда банктын уставдык капиталын 200 млн сомго – 1.2 млрд сомго чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

    Жыйында акционерлер кошумча 400 миң жөнөкөй энчилүү акция чыгарууну колдоду. Анын ар биринин баасы 500 сомдон болот. Акциялар жабык түрдө эки баскычта чыгарылат: биринчиси – 15-июнга чейин, экинчиси – 30-октябрга чейин. Аларды банктын акционелери гана ала алат. 

    Ошондой эле «Кыргызкоммерцбанк» 130 млн сомдук бересесин (мөөнөтсүз субординацияланган карызын) банктын капиталына которуп алат, ал дагы 260 миң акцияны түзөт. Бул жол менен банк базалык капиталын Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирет. 


    Тектеш материалды окуу