Akchabarsearch
"Кыргызнефтегаз" мунай иштеткен заводду модернизациялоого 1.1 млрд сом бөлдү

Жарыяланган

2026-28-09, 18:18

"Кыргызнефтегаз" мунай иштеткен заводду модернизациялоого 1.1 млрд сом бөлдү

"Кыргызнефтегаз" компаниясы финансылык абалын турукташтырды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Ишкананын маалыматы боюнча, жыл баштарында аларда каржылык кыйынчылыктар болгон болсо, азыр алар береселеринин баарын берип бүттү. 

Азыр компания "Кыргыз Петролеум Компани" мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоону башкы максаттарынын бири катары көрөт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан 2 млрд 70 млн сом бөлүнүп берилген. Учурда жаңылоо иштери графикке ылайык жүрүүдө.

"Кыргызнефтегаз" өз милдеттенмелеринин алкагында модернизацияга деп өз каражаттарынын эсебинен 1 млрд 110 млн сом бөлгөн. Компания башка төлөмдөрдү да белгиленген графикке ылайык жүргүзүүдө.

Каржылоо мунайды кайра иштетип, сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Компания чийки мундай жеке жактарга сатпай калган. Анын ордуна мунай заводго кайра иштетүүгө  жөнөтүлөт. 


Тектеш материалды окуу