
Жарыяланган
2026-05-01, 13:36Кыргызстан 2025-жылдын он айында чет жактан 22 миң 494.4 тонна помидор импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Помидор 5 өлкөдөн импорттолуп, анын жалпы наркы 1 млрд 403.9 млн сомго жеткен.
Бул жашылчанын көбү же 15.85 миң тоннасы Түркмөнстандан ташып келинген.
2024-жылдын он айында өлкөгө чет жактан 19.6 миң тонна помидор импорттолгон.



