Akchabarsearch
“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы Оштогу 8 эски учакты сатыкка чыгарды

Жарыяланган

2026-23-03, 11:16

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы Оштогу 8 эски учакты сатыкка чыгарды

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы 8 эски учакты сатыкка чыгарды. Аукцион аркылуу сатыла турган бул учактардын жалпы наркы 4.5 млн сомду түзөт.  

Сатыкка бир даана Ан-12 аскердик-транспорттук учагы жана жети даана Ан-2 көп багыттуу учагы чыгарылды. Алардын эң кымбаты – Ан-12 учагынын баштапкы баасы 2 млн 421.4 миң сомду түзөт. Калгандарынын баалары 233 миңден 373 миң сомго чейин жетет. 

Аукцион учактар жайгашкан “Ош” эл аралык аэропортунда өтөт. 

Арыздар 24-апрелге чейин кабыл алынат. Ал эми аукциондун өзү 27-апрелде аэропорттун башкы имаратында өтөт. 

Аукционго юридикалык жана жеке жактар катыша алат. 
 


Тектеш материалды окуу