
Жарыяланган
2026-04-06, 16:35Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Көчмө жыйында негизинен Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун жеринде жашаган жергиликтүү жарандардын турак жай ээлерине кенемте төлөө жана жер тилке маселелери талкууланып, соңунда протоколдук тапшырмалар берилген.
Жыйындан кийин Акунбеков темир жолдогу Жалал-Абад туннелинин курулуш иштери жүрүп жаткан жерге барган. Иштин жүрүшү менен таанышкан Эрлист Акунбеков, бул темир жол – жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин белгилеп, курулуп жаткан темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болорун айткан.
Белгилей кетсек, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан“ темир жолунун 304 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрө жана 29 туннелдин курулушу каралган. Мындайча айтканда темир жолдун 40%ы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат.



