
Жарыяланган
2026-16-06, 18:18Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алууну пландап жатат. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Каржы комитети биринчи окууда колдоду.
Аталган насыя Кыргызстанга 32 жылга берилет. Анын 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Жеңилдик мезгилинде үстөк 1% болсо, андан кийин 1.5%ды түзөт.
Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, бул акчанын 105.5 млн доллары – чакан жана орто бизнеске насыя берүүгө, 183.5 млн доллары – энергетика жана транспорт тармагына (мунун ичинде Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна жумшалат), 83 млн доллары – таштанды жана санитария тармагына, 64.5 млн доллары – социалдык тармакка, 63.5 млн доллары – климат жана айыл чарба тармагына жумшалат.



