
Жарыяланган
2026-16-06, 17:09Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 17-19-июнда Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда кызматташуу маселелерин талкуулашат.
“Белгилей кетсек, Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө пайдубал түзөт”, - деп айтылат маалыматта.



