Жарыяланган
2025-27-08, 11:07Бишкек шаары менен Чүй облусунда чет элдик номерлүү унаалар эң көп легалдаштырылган. 27-августка карата маалымат боюнча, борбордо 1 миң 816, ал эми Чүй облусунда 2 миң 74 унаа каттоого алынган.
Жалпы өлкө боюнча чет элдик номери бар 7 миң 768 унаа легализацияланган. Башка аймактардагы көрсөткүчтөр мындай: Ош облусунда — 914, Жалал-Абадда — 1 миң 142, Баткенде — 427, Нарында — 184, Таласта — 348, Ысык-Көлдө — 296, Ош шаарында — 567.
Унаалардын көпчүлүгү кыймылдаткыч кубаттуулугу 2 миң куб.см чейин — 4 миң 632 унаа. 2 миң куб.см ашык кубаттуулуктагы — 3 миң 136 унаа бар.
Унаалардын 6 миң 914 унаа ээлери тарабынан өз алдынча катталган, ал эми 854 унаа айып токтотуучу жайлардан катталган.