
Жарыяланган
2025-24-09, 15:15“Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Эми колдонуучулар туура эмес токтотулган жана эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Жаңы мүмкүнчүлүктөр:
• автоунаанын жайгашкан жерин тез аныктоо;
• атайын токтотмо жайдын дарегин картадан көрүү;
• эвакуация кызматтарынын байланыштарын алуу.
Колдонуучу “Эвакуация” бөлүмүнө кирип, автоунаасынын номерин терет. Эгер автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын жайгашкан жерин жана токтотулган жердин дарегин картадан көрсөтөт.
Бул функция iOS жана Android үчүн акыркы версияда жеткиликтүү. Аны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу керек.


