
Жарыяланган
2026-17-09, 11:01Кыргызстанда эттин баасын бир калыпта кармоо үчүн Монополияга каршы кызматы эттин сатык баасын бекитти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган кызмат малды багуудан баштап базарга чейинки кеткен чыгымдардын баасын баарын талдап чыгып, бааны койгон.
Маселен Бишкекте уйдун сулп эти 870 сомдон сатылышы керек. Ал эми сөөктүү эттин дүң баасы - 700 сомдон, чекене баасы - 770 сомдон, кой этинин дүң баасы - 820, чекене баасы - 880 сом болот.
Облустарда коюлган баалар:
Чүй облусу - уйдун сулп этинин баасы - 850, сөөктүү этинин дүң баасы - 700, чекене баасы - 770, кой этинин дүң баасы - 800, чекене баасы - 880 сом;
Нарын облусу - уйдун сулп эти - 840, сөөктүү этинин дүң баасы - 690, чекене баасы - 750, кой этинин дүң баасы - 820, чекене - 840 сом;
Ысык-Көл облусу - уйдун сулп эти - 870, сөөктүү этинин дүң баасы - 700, чекене - 770, кой этинин дүң баасы - 820, чекене - 840 сом;
Талас облусу - уйдун сулп эти - 850, сөөктүү этинин дүң баасы - 700, чекене - 770, кой этинин дүң баасы - 800 сом, чекене - 840 сом;
Ош облусу - уйдун сулп эти - 870, сөөктүү этинин дүң баасы - 690, чекене - 750 сом, кой этинин дүң баасы - 820, чекене - 880 сом;
Жалал-Абад - уйдун сулп эти - 870, сөөктүү этинин дүң баасы - 700, чекене - 770, койдун этинин дүң баасы - 820 сом, чекене - 880 сом;
Баткен - уйдун сулп эти - 880, сөөктүү этинин дүң баасы - 705 сом, чекене - 775 сом, кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене - 850 сом.



