
Жарыяланган
2026-16-07, 18:312026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жакка 28.4 млн сомго капуста экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет жакка жалпы 1.5 миң тоннадай капуста сатылган.
Капуста Россия (1.42 миң тонна), Казакстан (52 тонна) жана Өзбекстанга (25 тонна) экспорттолгон.
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда экспорт 1.44 миң тоннага азайган.
Былтыр төрт айда 2.94 миң тонна экспорттолгон.



