
Жарыяланган
2026-16-07, 16:372026-жылдын жарым жылында Салык кызматына салыкчылардын үстүнөн 171 арыз-кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Ал кайрылуулардын 91и жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн, 24ү укук коргоо органдарынан жана 56 сы салык кызматынын аймактык башкармалыктарынан түшкөн.
Алардын ичинен 158и каралып, 38 факт толук, экөө жарым-жартылай тастыкталган. 113 факт тастыкалган эмес. 5 материал укуктук баа берүү үчүн укук оргоо органдарына жөнөтүлгөн
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 127 кызматкерге ар кандай тартиптик жаза берилген:
- 95 кызматкерге эскертүү берилген;
- 24 кызматкерге сөгүш жарыяланган;
- 4 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган;
- 2 кызматкер жумуштан бошотулган;
- 2 кызматкер төмөнкү кызматка түшүрүлгөн.



