
Жарыяланган
2026-16-07, 16:502026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 426.6 млн сомго арпа импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 24 миң 571.5 тонна арпа импорттолгон. Кыргызстан аны Казакстан менен Россиядан ташыган.
Казакстандан 14 миң 556.5 тонна, Россиядан 10 миң тоннадан ашык арпа импорттолгон.
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда быйылкысында импорт 24 миң 468.7 тоннага көбөйгөн. Былтыр төрт айда болгону 102.8 тонна гана ташып келинген.



