Akchabarsearch
Кыргызстан дээрлик 4.4 млрд сомго цемент импорттоду. Цемент кайсы өлкөлөрдөн сатып алынды?

Жарыяланган

2025-22-10, 09:40

Кыргызстан дээрлик 4.4 млрд сомго цемент импорттоду. Цемент кайсы өлкөлөрдөн сатып алынды?

Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет жактан дээрлик 688 миң тонна цемент импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Цемент Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Иран, Россия жана Испаниядан ташып келинип, баасы дээрлик 4.4 млрд сом болгон. 

Бул курулуш материалынын 399.3 миң тоннасы – Өзбекстандан (2.6 млрд сом), 264.3 миң тоннасы – Казакстандан (1.45 млрд сом) импорттолгон. Ошондой эле Кытайдан – 18.2 миң тонна (дээрлик 261 млн сом), Ирандан – 5.8 миң тонна (61.4 млн сом), Россиядан – 97.2 тонна (384 миң сом) жана Испаниядан – 200 кг (31.5 миң сом) сатып алынган.  

Былтыр сегиз айда 1.75 млрд сомго 337 миң тонна цемент импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу