Жарыяланган
2025-31-03, 11:48CASA-1000 долбоорунун алкагында бүгүнтөн тарта Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы Датка – Согд аба чубалгысына жарык бериле баштады.
Чыңалуусу 500 киловатты түзгөн Датка – Согд линиясын ишке киргизүү аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон Худжанд шаарында онлайн режиминде күбө болду.
CASA-1000 Борбор Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системасын бириктирүүгө багытталат. Анын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистан жана Пакистанга экспорттолот.