
Жарыяланган
2026-20-11, 14:52Кыргызстан криптовалютаны колдонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү 151 өлкөнүн ичинен 19-орунду ээледи. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдөгү жөнгө салынган виртуалдык активдер рыногунда жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 2.2 трлн сомдон ашты. Бул тууралуу 18–19-ноябрда Бишкекте өткөн Asia Innovation Forum 2026 эл аралык форумунда айтылды.
Форумга 3 миңге жакын катышуучу чогулду. Иш-чаранын башкы өнөктөшү Binance компаниясы болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында «Мыкты биржа» сыйлыгына татыды.
Форумдун алкагында Binance Кыргызстандагы санариптик каржы кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде ELQR аркылуу эсепти сом менен толуктоо жолдорун тааныштырды.
Мындан тышкары, компания Кыргызстанда криптовалюта боюнча билим берүү иш-чараларын өткөрүп жатканын билдирди. Ошондой эле Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин колдоосу менен Geeks Academy окуу борбору биргеликте «Крипто Адан Яга чейин» аттуу акысыз окуу курсун ишке киргизген.
Учурда Binance Academy платформасында кыргыз тилинде криптовалюта боюнча 200дөн ашык окуу материалы жеткиликтүү.



