Akchabarsearch
Кыргызстанда криптовалюта алмашуу жана криптобиржалардын жүгүртүүсү 1 трлн сомдон ашты
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-09-09, 15:56

Кыргызстанда криптовалюта алмашуу жана криптобиржалардын жүгүртүүсү 1 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–июль айларында криптовалюта алмашуу  жана криптобиржалар аркылуу жүгүртүүлөр 1 триллион сомдон ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында экономика министри Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бул тармактан түшкөн салыктык киреше болжол менен 1 миллиард сомду түздү.

Учурда өлкөдө расмий түрдө: 169 крипто алмаштыргыч, 13 криптобиржа, майнинг менен алектенген 11 компания расмий каттоодон өткөн.

Жыйындын соңунда депутаттар мамлекеттик майнингди ишке киргизүүнү караган мыйзам долбоорун үч окууда колдошту.
 


Тектеш материалды окуу