Akchabarsearch
Кыргызстанда беш криптотыйын мамлекеттик реестрге катталды
Сүрөт алынган жер: DALL·E

Жарыяланган

2025-04-09, 14:23

Кыргызстанда беш криптотыйын мамлекеттик реестрге катталды

Кыргызстандын виртуалдык активдеринин эмиссиялары боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестринде жалпы суммасы дээрлик 144 млрд сомду түзгөн беш криптовалюта катталды. Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын "Акчабар" порталына берген маалыматында айтылат. 

Кыргызстанда катталган алгачкы токен 2023-жылы 19-апрелде чыгарылган. Аны 100% россиялык капиталы бар «МТН» компаниясы чыгарган. Компания 0.87 сомдон болгон 10 млн токен чыгарып, анын жалпы наркы 8.7 млн сомду түзгөн.

Экинчи болуп чыгарылган виртуалдык актив — «А7А5» стейблкоини. Буга чейин "Акчабар" ал тууралуу жазганАны кыргызстандык «Олд Вектор» компаниясы быйыл 19-февралда чыгарган. Бул компания жакында эле Улуу Британиянын санкциясына туш болду. Аталган стейблкоин Россиянын рублине байланган. Чыгарылган стейблкоиндин жалпы наркы 100 млрд рубль болгон.

Быйыл июнда кыргыз капиталы бар дагы эки токен реестрге киргизилген. Алардын бири — «Золотой Сом» компаниясынын CDSD токени. Ал 24-июнда 1 млрд бирдик болуп чыгарылган. Бир токен 0.1 сомдон туруп, жалпы наркы 10 млн сом болгон.

Экинчиси «КейДжиЭсТокен» компаниясынын — KGST токени. Ал 26-июнда 7 млн бирдик болуп чыгарылган. Анын жалпы жаркы 7 млн сомду түзгөн. 

Ал эми августта реестрге бешинчи токен — LMAu кошулган. Аны кыргызстандык «Лантал Майнинг» компаниясы 7-августта чыгарган. 

Бир токендин баасы 8 миң 18 сомдон болуп, 1 миң 247.19 бирдик чыгарылган. Жалпы наркы 9 млн 999 миң 969 сомду түзгөн.


Тектеш материалды окуу