Akchabarsearch
    Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттам ачылат

    Жарыяланган

    2025-21-07, 15:24

    Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттам ачылат

    Кыргызстан менен Венгриянын өкмөттөрүнүн ортосундагы аба каттам жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 

    Аталган макулдашууда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташуу боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткаруу үчүн укуктук негиздерди түзүү каралган. 

    Түз аба каттамдын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана туризм тармактарындагы кызматташууну өркүндөтүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө. 


    Тектеш материалды окуу