Жарыяланган
2025-08-06, 09:002025-жылдын апрель айындагы расмий маалыматтар боюнча Армения Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин арасында чочко этинин кымбаттыгы боюнча биринчи орунда турат.
Арменияда чочко этинин 1 килограммынын орточо баасы 8.12 долларды түзгөн. Ал Беларуска караганда эки эседен ашык же 4.41 долларга кымбат. Айтмакчы ЕАЭБдеги эң арзан чочко эти Беларуста сатылат – 3.71 доллар.
Кыргызстанда чочко эти 5.67 доллар турат. Ал Казакстан (4.52 доллар) менен Россияга (4.51 доллар) караганда кымбат, бирок Арменияга салыштырмалуу арзан. Ошентип Кыргызстан чочко этинин кымбаттыгы боюнча Армениядан кийин эле экинчи орунда турат.