Akchabarsearch
    Мурдагы жылдардын карыздары кечилет — Бекешев Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө

    Жарыяланган

    2025-08-06, 11:36

    Мурдагы жылдардын карыздары кечилет — Бекешев Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө

    Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында Салык кодексине киргизиле турган бир катар өзгөрүүлөр жөнүндө айтты.  

    Ал билдиргендей, 2022-жылга чейинки мезгил үчүн болгон салыктык карыздарды кечүү сунушталууда. Ал эми 1 жана 2-топтогу майып адамдардын 2024-жылдын 1-январына чейинки салык боюнча береселери кечилет.  Андан тышкары, 2025-жылдын 1-январына чейин өлкөгө унаа ташып келип саткан жарандар үчүн киреше салыгы жокко чыгарылат. 

    Ошондой эле унаа салыгын жоюу чечими мыйзам түрүндө Салык кодексине киргизилет. 

    Бекешевдин айтымында, салыктык отчеттөр жөнөкөйлөштүрүлөт: дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле патент менен иштеген ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотулат.

    Базарларда соода кылган сатуучулар патент  менен же жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими менен иштөөнү тандай алышат. 

    Аны менен бирге товарларын Кыргызстанда сата турган эркин экономикалык аймактын субъектилери үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизүү пландалууда. 


    Тектеш материалды окуу