Жарыяланган
2025-07-06, 12:26Жакында Кыргызстанда көлөмү 50 кубга чейинки мопед жана скутер айдагандар айдоочулук күбөлүк алууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, мопед жана скутер айдагандар үчүн өзүнчө "М" категориясы киргизилет. Алардын унаасы каттоого алынып, мамлекеттик номер берилет. Учурда тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашылууда.
Аталган башкармалык билдиргендей, өлкөдө жыл башынан бери 700дөн ашык мопед жана скутер айып короого коюлду.