Akchabarsearch
Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар насыя алат

Жарыяланган

2026-29-01, 17:10

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоорунун алкагында Сауд өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар насыя алат. Каражат Бишкек шаарына жана Чүй облусуна мектептерди курууга жумшалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоор 29-январда Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда жактырылды. Насыя 25 жылга берилет, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөттө, жылдык пайыздык чени 1.5% менен төлөнөт.

Каражат Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусунда 2 жаңы мектепти курууга жумшалат. Долбоор быйыл башталып, 2029-жылы аяктайт деп пландалууда.

Ошондой эле, Жогорку Кеңеш экинчи окууда ОПЕК фондунун «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча кредиттик макулдашууну кабыл алды. 

Программа алкагында Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушту коопсуз таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүгү жакшыртылат.

Жалпы каржылоо 200 млн долларды түзүп, анын 20 млн долларын ОПЕК фонду камсыздайт. Кредит 20 жылга берилип, анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөттө, жылдык пайыздык чени 1.25% менен төлөнөт.

 


Тектеш материалды окуу