
Жарыяланган
2026-28-01, 09:48Мамлекеттик программа алкагында ишкерлерди колдоо багытында 6 пайыздык үстөк чен менен насыя берилет. Бул тууралуу «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адилет Камчыбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бул багытта насыя 8 пайыздык үстөк чен менен берилген.
«2025-жылы “Жаңы багыт” деп аталган долбоор киргизилип, 500 миллион сом насыя берилди. Насыяны миңге чукул кардар алды. Быйыл жаңы долбоорду баштадык, аны 6 пайыздык үстөк чен менен берүүнү пландап жатабыз. Бул мамлекеттик программа болуп саналат. 23-январдан тарта кардарлардын арыздары кабыл алына баштады. Насыя 300 миң сомдон 5 миллион сомго чейин берилет», - деди ал.



