Akchabarsearch
Кыргызстан тыштан карыз албай, кайтара турган гана болсо да, бересесин 2075-жылы төлөп бүтөт

Жарыяланган

2026-19-08, 15:10

Кыргызстан тыштан карыз албай, кайтара турган гана болсо да, бересесин 2075-жылы төлөп бүтөт

Кыргызстан тыштан карыз алууну токтотуп, 2026-жылдын 30-июнуна карата топтолгон тышкы карызды кайтара турган болсо да, бересесинин баарын 2075-жылы төлөт бүтөт. Мындайча айтканда азыркы чогулган тышкы карызды эле кайтарууга дээрлик жарым кылым керек болот. Муну каржы министрлигинин тышкы карызды кайтаруу боюнча графикасынан көрүүгө болот.

2075-жылы Кыргызстан соңку карызын кайтарып жатканда 860 миң доллар төлөшү керек болот. Ал убакка чейин карыздын үстөк пайыздары төлөнүп бүткөн болот.

Бирок тышкы карызды кайтарууда эң оор учур 2030-жыл болот. Ал жылы дээрлик 1.1 млрд доллар төлөөгө туура келет: анын 1.03 млрд доллары бересенин негизги суммасы, 66.7 млн доллары үстөк пайыз болуп саналат.

Азыркы күнгө топтолгон тышкы карызга кете турган акча:

  • 2027-жыл — дээрлик $506 млн;
  • 2028-жыл — $457 млн;
  • 2029-жыл — $462 млн;
  • 2030-жыл — дээрлик $1.1 млрд;
  • 2031-жыл — $372 млн.

Ошондо Кыргызстан 2027-2031-жылдары эле жалгыз тышкы карызды эле кайтарганга дээрлик 2.9 млрд доллар коротот экен.  

30-июнга карата өлкөнүн тышкы карызы 5.22 млрд долларды түзгөн. 

Андан тышкары Кыргызстанда 4.88 млрд доллар ички карыз бар. 

Бул экөө биригип мамлекеттик карызды түзөт: 10.1 млрд доллар. 

 


Тектеш материалды окуу