
Жарыяланган
2026-19-08, 12:17Нарын - Баетов жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Аталган жолдун Нарын районунун аймагындагы 13–38-чакырымында - Ак-Кыя тилкесинен Куланак ГЭСине чейинки бөлүктө жер жумуштары аткарылып, асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Мындан тышкары аталган тилкеде болжол менен 5 чакырым жаңы жол куруу каралган.
Ал эми Ак-Талаа районунун аймагындагы 84–115-чакырымда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Узундугу 31 чакырымды түзгөн бул тилкенин 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Нарын – Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Аталган жол Нарын жана Ак-Талаа райондорун байланыштырат.



