Akchabarsearch
Жети айда Кыргызстанга 2 миллиондой өзбекстандык келип кетти

Жарыяланган

2026-19-08, 13:05

Жети айда Кыргызстанга 2 миллиондой өзбекстандык келип кетти

2026-жылдын январь-июль айларында өзбекстандыктар чет жакка эң көп барган өлкө Кыргызстан болду. Муну коңшу өлкөнүн Статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.

Маалым болгондой, быйыл жети айда 4.4 млн өзбекстандык чет жакка туристтик максатта чыгып келген. Алардын көбү Кыргызстанга барган.

Өзбекстандыктар көп каттаган 10 өлкө: 

  1. Кыргызстан - 1 млн 981.4 миң;
  2. Казакстан - 805.4 миң;
  3. Тажикстан - 744.9 миң;
  4. Россия - 222.6 миң;
  5. Сауд Арабиясы - 167.3 миң;
  6. Түркия - 166.9 миң;
  7. Бириккен Араб Эмираттары - 47 миң;
  8. Кытай - 43.5 миң;
  9. Египет - 32.5 миң;
  10. Вьетнам - 28.2 миң. 
     

Тектеш материалды окуу