
Жарыяланган
2026-19-08, 16:512026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет жакка 202.6 млн сомго балмуздак экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Беш айда чет жакка 1 миң 847.2 тонна балмуздак сатылган.
Балмуздак Казакстан (1 миң 845.6 тонна) жана Өзбекстанга (1.6 тонна) экспорттолгон.
Казакстанга сатылган балмуздактын килограммынын орточо баасы 109.6 сом, ал эми Өзбекстанга сатылгандыкы 133.9 сомду тузгөн.
2025-жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 1 миң 867.4 тонна балмуздак сатылган. Анын баасы 176.8 млн сом болгон.



