
Жарыяланган
2026-02-07, 12:41Кыргызстан Түрмөнстандан помидорду азыраак, Кытай менен Өзбекстандан көбүрөөк сатып ала баштады. Муну Статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.
Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 11.55 миң тонна помидор импорттолгон. Анын жалпы наркы 1 млрд сомдон ашкан.
Бул жашылча Түркмөнстан, Кытай, Өзбекстан, Иран жана Казакстандан сатып алынган:
Сырттан келген помидордун килограммынын орточо баасы:
Помидордун көбү же 6.32 миң тоннасы Түркмөнстандан сатып алынганы келгени менен 2025-жылдын төрт айына караганда импорт дээрлик 2.1 миң тоннага азайган. Былтыр январь-апрель айларында Түркмөнстандан дээрлик 8.4 миң тонна импорттолгон.
Ошол эле учурда Кытай менен Өзбекстандан помидор көбүрөөк сатып алына баштаган: эки өлкөдөн тең импорт 3.1 эсе өскөн.
Маселен былтыр төрт айда Кытайдан 1.3 миң тоннадай помидор ташып келинсе, быйылкысында дээрлик 4 миң тонна импорттолгон.
Ошондой эле Өзбекстандан 2025-жылдын январь-апрель айларында 374.8 тонна сатып алынса, быйылкысында 1.2 миң тоннага жакын ташып келинген.
Ал эми Казакстандан болсо 2025-жылдын төрт айында помидор сатып алынган эмес. Ирандан болсо 79.6 тонна импорттолгон.
Былтыр январь-апрель айларында болсо өлкөгө жалпы 10.1 миң тоннадан помидор алынып келип, анын баасы 751.8 млн сомду түзгөн. Былтыркы төрт айга салыштырмалуу быйылкысында импорт 1.43 миң тоннага көбүрөөк болгон.



